ТИМ: Россияны G20 уюмунан чийип салууга мүмкүн эмес

Уюмдун саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россияны "Чоң жыйырмалыктан" чыгарып салууга мүмкүн эмес. Киевдин буга чакырык салганы саясий көнүгүү. Бул тууралуу Россиянын ТИМ башчысынын орун басары Александр Грушко журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Буга чейин "Чоң жыйырмалыкка" Россияны курамынан чыгаруу өтүнүчү менен кайрылган долбоор Жогорку Радага киргизилген. Уюмдун саммити 15-16-ноябрда Балиде өтмөкчү.
"Россияны уюмдан, G20дан чыгарып салууга мүмкүн эмес. Бул саясий эле көнүгүү. G20 батыш өнөктөштөрдөн алда канча чоң", — деген Грушко.
Белгилей кетсек, "Чоң жыйырмалыктын" саммитине катышуу үчүн Россиядан ТИМ башчысы Сергей Лавров барган.
Telegraph: ЕБ G20 саммитинде РФ делегациясын обочолонтууну көздөп жатат