Соцфонд пенсионердин тажиясына берилчү жөлөк пулдун суммасын азайтууга белсенди

Эсептөөлөргө таянып, жөлөк пулду 11 700 сомго азайтуу каралып жатканын түшүнүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Социалдык фонд пенсионер көз жумган учурда жерге коюу үчүн берилчү жөлөк пулдун өлчөмүн азайтууну демилгеледи.
Мекеме "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамды өзгөртүүнү сунуштап жатат.
Долбоордун 32-беренесинин 2-пунктунда "Пенсионер өлгөн учурда аны жерге берген адамга эки жуманын ичинде 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндө сөөк коюуга жөлөк пул төлөнөт" деп жазылган.
Белгилей кетсек, азыркы мыйзамда мындай жөлөк пул пенсиянын базалык бөлүгүнөн он эсе көп өлчөмдө берилет. Учурда базалык бөлүк 3 170 сом, аны онго көбөйтсө 31 700 сомду түзөт. Демек, акчанын көлөмүн 11 700 сомго азайтуу каралып жатканын түшүнүүгө болот.
Соцфонд пенсияга чыгуу курагын узартууну кайра сунуштады. Кимге тиешелүү болот?