Ошто жаш манасчылар арасында сынак жарыяланды

Сынакка Ош шаарында билим алып жаткан 10 жаштан 17 жашка чейинки манасчылар катыша алат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ошто 4-декабрь — "Манас" эпосунун күнүнө карата жаш манасчылар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу Ош шаардык маданият башкармалыгы кабарлады.
Конкурска Ош шаарында билим алып жаткан 10 жаштан 17 жашка чейинки таланттар катыша алат.
Катышуучулар "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпосторунан беш мүнөттүк үзүндү айтышы керек. Жеңүүчүлөр диплом жана баалуу белектер менен сыйланат. Ошондой эле активдүү катышкандарга кызыктыруучу байгелер берилмекчи.
Учурда конкурска каттоо жүргүзүлүп жатат. Кененирээк маалымат алуу үчүн 055141 94 94 жана 0774 74 52 52 номерлерине байланышууга болот.
Бишкекте манасчылардын сынагы өтөт. Шарт-талабы, убактысы