Ноутбукка кантип кам көрүш керек. Адистин кеңештери

Адис заманбап ноутбуктар коргоо системасы менен мыкты камсыздалган дегени менен аларга аяр мамиле жасоо керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ноутбук көпкө чейин иштеп бериши үчүн техникага кам көрүүнүн бир нече эрежесин билүү керек. Бул тууралуу "Известия" маалыматтык коопсуздук жаатындагы адис Руслан Пермяковго таянып жазды
Адис клавиатурага суюктук, тамак-аш күкүмдөрүн жана башка нерселерди түшүрбөй, таза кармоо керектигин, билинбегени менен алар механикалык бузулууга алып келерин эскертти. Пермяковдун айтымында, заманбап ноутбуктар коргоо системасы менен жабдылган дегени менен аларга аяр мамиле жасоо зарыл.
Ноутбуктун ичине бир нерсе кирип кетсе клавиатураны же башка негизги бөлүктөрүн алмаштырууга туура келет. Мындай учурда адис аны өчүрүп, мүмкүн болсо аккумуляторун алып салып, тейлөө борборуна кайрылышы шарт.
Ошондой эле адис техниканы тазалоо үчүн суу жана башка суюктуктарды колдонбоо керектигин эскертти. Эксперт ноутбуктагы кирлерди спирт менен бир аз нымдалган майлык менен сүртүп, күкүмдөрдү аба толтурулган баллон менен кетирсе болорун сунуштады. Бирок өз алдынча тазалабастан тейлөө борборуна берсе оң болот. Адис ал жактагылар муздатуу системасын да жөнгө салып берерин кошумчалаган.
Адис смартфондун "өмүрүн узартуунун" жолдорун айтты