БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Мелитополь шаарындагы Жеңиш аянтына Россиянын мамлекеттик желегин жаңылап, кайрадан орнотушту. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Аталган агенттик өзүнүн Telegram-каналына анын видеосун жарыялаган.
Россиянын мамлекеттик символун жекшемби күнү эртең менен профилактика — флагштокту оңдоп-түзөө үчүн чечкен. Тиешелүү иштер бүткөн соң туунун өзүн да жаңылап, кайра илинген.
"Запорожье облусунун администрациясы Россиянын үч түсүн түзүүгө аймактын жашоочулары катышыш керек деген чечим кабыл алды", — деп айтылат маалыматта.