БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Манас" аэропортуна бараткан трассада жол кырсыгы катталып, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунаа талкаланып, чачырап кеткен.
Чүйдүн Кайгуул кызмат башкармалыгынын маалымат кызматы билдиргендей, кырсык 13-ноябрь күнү эртең менен болгон.
"31 жаштагы айдоочу рулду башкара албай жолду бөлүп турган тосмону сүзгөн", — деп айтылат кабарда.
Бактыга жараша, айдоочу аман калып, Сокулук аймактык ооруканасына жаткырылган. Башка эч ким жабыркаган эмес.