Тажикстандан Баткенге мыйзамсыз алып келинген 2,75 млн. доллар мамлекетке өттү

Сот аткезчилик менен алектенгендерди күнөөлүү деп таап, ар бирине 150 миң сомдон айып салган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Баткенде экономикалык аткезчилик менен алектенген деп шектелип жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, алардын жанынан табылган 2 миллион 750 миң доллар мамлекетке чегерилди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Баткенде экономикалык аткезчилик менен алектенген деп шектелип жаткандардын баш коргоо чарасы каралып, алардын жанынан табылган 2 миллион 750 миң доллар мамлекетке чегерилди

2 / 2

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди

Эске салсак, буга чейин Баткен районунун Кара-Бак айылында Тажикстандан аткезчилик жол менен 2 миллион 750 миң доллар алып кирген төрт жаран кармалган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 4-бөлүгү ("Экономикалык аткезчилик") боюнча кылмыш иши козголгон.
"10-ноябрда акча ташууну уюштурууга катышкан К.Р.О., К.Н.Б., К.К.К., С.Ж.Н., Б.Е.А. жана Т.А.М. аттуу кыргызстандык жарандар соттун чечими менен күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 000 сомдон айып салынды", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми 2 миллион 750 миң доллардын (227 миллион 186 миң 850 сом) мамлекетке чегерилгени кошумчаланды.
Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт