Шылуундарга кандай адамдар бат алданат. Эксперттин түшүндүрмөсү

Болбой баратса шылуундар психологиялык жактан басым кылууга өтөрү белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Ашыкча эмоциялуу жана ишенчээк адамдар шылуундардын тузагына бат түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Россия эл достугу университетинин экономика факультетинин доценти Андрей Гиринский "Прайм" агенттигине айтып берген.
Эксперттин айтымында, эмоциялуу, психологиялык жактан алсыз, ар түркүн нерселерге кызыга берген, башынан өткөн "сабактарды" бат эле унутуп койгон адамдар алдамчылардын кайырмагына илинет.
Андыктан алданып калбоо үчүн адис бир катар жагдайларга көңүл бурууга кеңеш берди. Биринчи кезекте башаламан белгилерден турган шектүү электрондук даректерден, ошондой эле күтүүсүз телефон чалуулардан этият болуу шарт. Экинчиден, маектешүү учурунда өтө эле ыңгайлуу шарттарды сунуштап, убада берип, жеке маалыматтарды ашыкча сылык-сыпаа болуп сураганы күмөн жаратат. Болбой баратса, шылуундар психологиялык жактан басым кылып, мисалы, чечимди тез кабыл алууга шаштырарын белгиледи.
Дүрбөлөңгө түшпөңүз! ИИМ телефон шылуундарын кантип аныктаса болорун айтты