Кандагы канттын деңгээлин акысыз билсеңиз болот. Дареги

Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору канттын деңгээлин текшертүү үчүн анализ ачкарын алынарын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Диабет менен күрөшүү күнүнө байланыштуу Бишкекте бүгүндөн тарта "Кандагы канттын деңгээлин билип ал" кампаниясы башталды. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
"Саамалык 14-15-ноябрда "Бишкек Парк" соода борборунда өтөт. Анда бардык каалоочулар саат 10:00дөн 13:00гө чейин кандагы канттын деңгээлин, кан басымын акысыз текшертип, эндокринологдон консультация алса болот", — деп айтышты.
Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору канттын деңгээлин текшертүү үчүн анализ ачкарын алынарын эскертти.
Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 74 810 адам диабет менен жабыркайт жана бейтаптардын саны жыл сайын 5-7 миңге көбөйүп турат.
Кант диабетин эмнелер өрчүтүп жиберерин адис эскертти