Месси 2023-жылы "Барселонага" кайтабы? Клубдун президентинин жообу

Лионель Месси "Барселонада" 18 жыл ойногон, бул жылдар аралыгында команда менен биргеликте Испаниянын он жолку чемпиону болсо, төрт ирет чемпиондор лигасын жеңип алган.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. "Барселона" клубунун президенти Жоан Лапорта дүйнөгө белгилүү футболчу, чабуулчу Лионель Месси кайрадан аталган клубга кайтабы деген суроого жооп берди. Бул тууралуу "Газета.ру" жазды.
"Месси 2023-жылы клубга кайтып келеби?.. Лео "Барселона" дайыма анын үйү экенин билет", — деген Лапорта.
Эске салсак, Лионель Месси 2021-жылдын август айында "Барселона" клубунан франциялык "ПСЖга" кеткен. Каталондук "Барселона" каржылык абалынан улам чабуулчу менен келишимди узарта алган эмес. Ал эми франциялык "ПСЖ" менен Мессинин ортосундагы келишим 2023-жылга чейин түзүлгөн.
Лионель Месси "Барселонада" 18 жыл ойногон, бул жылдар аралыгында команда менен биргеликте Испаниянын он жолку чемпиону болсо, төрт ирет чемпиондор лигасын жеңип алган.
Буга чейин ЖМКлар аргентиналык чабуулчу Месси кайрадан "Барселонага" кайтат, бул вариантты ал Катардагы дүйнө чемпионатынан кийин ойлонот деп жазышкан. Айта кетсек, бул жылы дүйнө чемпионатын 20-ноябрдан 18-декабрга чейин өткөрүү пландалган.
Месси Катарда өтө турган чемпионаттын алдындагы кооптонуусу тууралуу айтып берди