Радио

Акматов: эксперимент кылган учурда кинодо өсүш болот

Каскадёр-актёр, режиссёр Адилет Акматов Кыргызстандагы кино жаратмандарды көбүрөөк чет өлкөгө чыгып, тасма талаасында тажрыйба топтоп келүүгө чакырды.
Sputnik
Кинону шаблондун негизинде бир эрежеге түшүп алып тартпаш керек. Мындай пикирин Адилет Акматов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эксперимент кылган учурда кинодо өсүш болот.
"Кыргыз кинолорунда эксперимент жасап көргөндөр аз болуп жатат. Кинонун өнүгүшү үчүн эксперимент зарыл. Аны тартууда коркпош керек. Шаблондун негизинде бир эрежеге түшүп алып тартсак, бул чөйрөдө өсүш болбойт. Өзүм дайыма эксперимент жасап көргөнгө аракет кылам. Мындай кадам режиссёрдун өнүгүшүнө зор салым кошот. Албетте, эксперимент менен тартылган кино акча алып келбеши мүмкүн, бирок кийинки долбоорлордо кетирген каталарды эске алып, жаңыча тартканга мыкты жардам берет", — деди Акматов.
Ал ошондой эле каскадёр болууда эрктүү, жоопкерчиликтүү жана адамдык сапат жогору болуш керектигин кошумчалады.