Урушкан туугандарды арачалаган киши бычак жеп каза болду. Чүйдөгү окуя

Маркум кылмышка шектелип кармалган жарандын жездесинин досу болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Чүй районунда урушуп жаткан туугандарды арачалайм деген 47 жаштагы киши бычак жеп каза болду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.
13-ноябрь күнү Чүй районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө Кайырма айылынын бычак сайылган тургуну А.Б. түшкөн. Бирок алган жаракаты оор болгондуктан дарыгерлердин көрсөткөн жардамына карабай, эсине келбеген тейде каза болуп калган.
Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Денеге оор залал келтирүү, өлүмгө алып келүү") менен иш козголгон.
"Кылмышты жасоого шектүү катары 21 жаштагы У.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Кандуу окуянын туугандар арасында болгон уруштун айынан чыкканы аныкталды. Өлгөн киши урушуп жаткан адамдарды арачалоого аракет кылган. Ал кылмышка шектелип кармалган жарандын жездесинин досу болуп чыкты", — деп билдирди милициядан.
Шаарга жеткирем деп... Сузакта жаш кызды өлтүрдү деп 58 жаштагы киши кармалды