Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Чет элдиктерге РФ армиясында кызмат өтөөгө уруксат берилди

Путин буга чейин аскер кызматын өтөөгө келишим түзгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга уруксат берген жарлыкка кол койгон.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин аскерде кызмат өтөө тартиби жөнүндө жобого өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыкка кол коюп, чет элдиктерге да РФ аскеринде кызмат өтөө мүмкүнчүлүгүн берди.
Тиешелүү документ укуктук маалыматтын расмий интернет-порталында жарыяланды.
"Бул жобо тынчтык мезгилде аскердик кызмат өтөөнүн тартибин аныктайт. Россия Федерациясынын куралдуу күчтөрүндө чет мамлекеттин жарандыгы же жашап турууга уруксаты бар адамдар кызмат өтөй алат", — деп айтылат жарлыктын текстинде.
Путин буга чейин аскер кызматын өтөөгө келишим түзгөн чет элдиктерге Россиянын жарандыгын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте алууга уруксат берген жарлыкка кол койгон. Мындай укук алардын жубайларына, ата-энелерине жана балдарына да берилет.
Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен жарандыгы жок, ошондой эле экинчи жарандыгы барларга РФ армиясында келишим боюнча кызмат өтөөгө мүмкүнчүлүк берилди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операциядагы жоготууларды дайыма ойлойм. Путиндин билдирүүсү