Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосу менен өтүп жаткан "Бизнес инкубациялык борборлор" долбооруна республикадагы бардык Жогорку жана кесиптик окуу жайлардын студенттери катыша алат. Бул тууралуу Нурбек Асангазиев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган долбоорго катышуу үчүн дэдлайн каралган эмес жана даяр бизнес идеяларды Билим берүү жана илим министрлигине каалаган учурда сунуштай берсе болот.
""Бизнес инкубациялык борборлор" долбооруна ар кайсы багыттагы бизнес идеялар кабыл алынат. Биздин окуу жайдын мисалында айта турган болсом, агрардык багытта ар кандай продукцияларды брендге айландыруу каралган. Азыр койдун жүнүн кайра иштеп чыгууга көбүрөөк басым жасалып жатат. Бизнес ачууда же баштоодо анын базарга кантип чыкканы маанилүү. Ошондуктан студенттерге бизнес идеяны кантип туура сатыш керектигин үйрөтүүгө аракет кылып келебиз. Бул учурда эң маанилүү нерселердин бири – презентация. Ар кандай сынактарга катышууда презентация сунушташат жана ошого жараша бизнес идеялардын тагдыры чечилет. Мындан сырткары, ишкерлик чөйрөсүнө жаңыдан кадам таштап жаткандар үчүн ментор да абдан керек", — деди Асангазиев.
Ал менторлор бизнес идеяны күчтөндүрүп берүүгө жардам берерин кошумчалады.