Бишкекте кыргыз тилчилер менен мектеп китепканачыларынын форуму өтөт

Кыргыз тилин негизги тил катары жайылтуу максатын көздөгөн иш-чарага өлкөнүн бардык аймактарынан 200дөн ашык адам катышары кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаада 15-ноябрда "Кыргыз тилин бирге өнүктүрөлү" деп аталган кыргыз тил мугалимдеринин жана мектеп китепканачыларынын форуму өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлады.
Иш-чаранын жаштар арасында улуттук жана руханий биримдиктин фактору болгон кыргыз тилин негизги тил катары жайылтуу максатын көздөрү айтылды.
"Форум аны менен катар эле мектеп китепканаларын модернизациялоого арналган бир катар пландаштырылган илимий-методикалык иш-чаралардын бир бөлүгү болуп саналат. Мектеп китепканасы маалыматты жана идеяларды камсыз кылат, ансыз азыркы маалыматка жана билимге негизделген коомдо ийгиликтүү иштөө мүмкүн эмес", — деп айтылган маалыматта.
Иш-чарага Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөн ашык адам – Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, өлкө боюнча китепкана тармагында эмгектенгендер жана кыргыз тилчилер, коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышары кабарланды.
Форумдун жүрүшүндө китепкана жана тил жаатында спикерлер тарабынан кызыктуу баяндамалар жасалып, жыйынтыгында резолюция кабыл алынмакчы.
Кышкы ЖРТ башталат. Шарт-талабы, акысы, убактысы