Акыркы күндөрү евро байкаларлык кымбаттады. 14-ноябрга маалымат

Sputnik Кыргызстан күйүүчү май, валюта курсуна баам салып, кескин өзгөрүү болсо жарыялап турат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Борбор калаадагы чет элдик валюталардын сомго карата катышын, бензин менен күйүүчү майдын, алтын куймаларынын баасын окурмандарга сунуштайбыз.
Доллардын курсу өзгөргөн жок, орточо баадан караганда, 83,5 сомдон сатып, 84,5 сомдон сатып алып жатышат.
Евро жума күнкүгө салыштырмалуу кымбаттады. Анткен менен ишемби, жекшембиде да өсүш болгон.
Эске салсак, бул валютанын наркы жакында эле төмөндөп, доллардан да арзандап кеткен.
Рубль менен теңге, күйүүчү май боюнча өзгөрүү байкалган жок.
Улуттук банктын 10 жана 100 граммдык алтын куймалары 444 жана 4 557,5 сомго кымбаттаган.
Тогуз айда Кыргызстанга сырттан 2,2 млрд. доллар которулду