БИШКЕК, 14-ноя. — Sputnik. Кытай лидери Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Жозеф Байден Индонезияда өтүп жаткан G20 саммитинин алкагында сүйлөштү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматта белгиленгендей, эки өлкөнүн башчылары президент катары биринчи жолу жолуккан. Алар буга чейин 2015-жылы кездешип, бирок Байден ал кезде АКШнын президенттигине келе элек болчу.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кытай лидери Цзиньпин глобалдык туруктуулукка ишеним, тынчтык алып келүү үчүн бардык өлкөлөр менен алака түзүү зарылдыгын билдирген. Мындан тышкары, стратегиялык эки тараптуу маселелерди жана аймактык, глобалдык абалды талкуулоо боюнча адилеттүү сүйлөшүүлөргө даяр экендигин айткан.
"Менин көз карашымда, биз, эки мамлекеттин лидерлери катары, Кытай жана АКШ пикир келишпестиктерди жеңип өтөрүнө жоопкерчилик алабыз. Атаандаштыгыбыз чырга жетпей турганын, биздин кызматташтыкты талап кылып жаткан дүйнөлүк масштабдагы көйгөйлөр болсо чогуу иштешүүгө жол таба аларыбызды көрсөтөбүз", — деген Байден.
Мындан тышкары, ал бүтүндөй дүйнө эли АКШ менен Кытай азык-түлүк коопсуздугунан тартып климаттык өзгөрүүлөргө чейинки глобалдык маселелердин чечилишинде негизги ролду аткарат деп күтүп жатат деген пикирин кошумчалаган. Байден Америка бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн Кытай менен кызматташууга даяр экендигин билдирген.