Украина менен АКШ модулдук өзөктүк реактор куруу планын билдирди

Чакан модулдук реакторлор Атомдук электр станцияларда (АЭС) орнотулган реакторлорго көлөмү жана кубаты жагынан жетпейт.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Киев менен Вашингтон Украинанын аймагында чакан модулдук өзөктүк реактор курууну пландап жатат. Бул тууралуу Украинанын АКШдагы элчиси Оксана Маркова билдиргенин РИА Новости жазды.
"Бүгүн БУУнун климат боюнча 27-конференциясынын алкагында АКШ президентинин бул жааттагы өкүлү Жон Керри жана Украинанын энергетика министри Герман Галущенко Украинада чакан модулдук реакторду куруу боюнча сынамык долбоордун башталганын жар салды", — деп билдирген Маркова социалдык тармактагы баракчасында.
Анын айтымында, сынамык долбоорго Украинанын илимий борборлору жана эл аралык жеке компаниялар катышууда.
Чакан модулдук реакторлор Атомдук электр станцияларында (АЭС) орнотулган реакторлорго көлөмү жана кубаты жагынан жетпейт. Аларды чоң атомдук электр станцияларын куруу мүмкүн болбогон жерлерге орнотууга болот.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Батыштын Украинадагы биологиялык ишмердүүлүгү. БУУ РФ резолюциясын кабыл алган жок