ЖМК: Twitter компаниясы подрядчыларын иштен кетирүүдө

Буга чейин компаниянын жетекчиси Илон Маск чыгымдарды азайтуу үчүн компаниядагы 3,7 миңдей кызмат ордун кыскартууну пландан жатканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Twitter компаниясы подрядчыларын иштен кетирип баштады, анын ичинде контентти модерация кылуу менен алектенгендер арбын. Бул тууралуу Axios басылмасы ишенимдүү адамдарына таянып жазганын РИА Новости билдирди.
Октябрдын соңунда ишкер Илон Маск Twitter платформасын алуу боюнча 44 миллиарддык келишимди соңуна чыгарган. Маск тармактын маалымат саясатын либералдаштырууга убада берген, себеби буга чейин андагы катуу цензура боюнча сын пикирлер айтылып келген. Андан сырткары, контентти модерациялаган кеңеш түзөрүн билдирген. Ал эми аталган кеңеш ишке киришмейин редакциялык саясат жана жабылып калган аккаунттарды калыбына келтирүү боюнча чечим кабыл алынбай турганы айтылган. Ошондой эле чыгымдарды азайтуу үчүн компаниядагы 3,7 миңдей кызмат (жалпы кызматкерлердин жарымы) ордун кыскартууну пландап жаткан.
"Twitter ар кандай тармактагы, анын ичинде контентти модерациялоо менен алектенген подрядчылардын санын бир топ кыскартты", — деп кабарлаган басылма.
Порталдын маалыматында, анткен менен Twitter мурда иштен кетирип жиберген кызматкерлерин кайра кайтарууну көздөп жатат. Себеби алардын тажрыйбасы компания үчүн маанилүү ролду ээлегени айтылат.
Байден Илон Масктын Twitter кожоюну болгонуна нааразы