Радио

Атайбек уулу: таяк тартыш боюнча Кыргызстан дүйнөдө экинчи орунда турат

Таяк тартыш боюнча дүйнө кубогунун жеңүүчүсү, Азиянын абсолюттук чемпиону Келдибек Атайбек уулу Кыргызстандын маст-рестлинг боюнча курама командасы Азияда биринчи экендигин айтты.
Sputnik
Таяк тартыш боюнча Кыргызстан дүйнөдө якутиялыктардан кийинки экинчи орунда турат. Бул тууралуу Келдибек Атайбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, таяк тартыш мектеби өлкөдө абдан жакшы темп менен өнүгүп, жаштар арасында кызыгуу күчөдү.
"Жакында маст-рестлинг боюнча Азия чемпионаты өтүп, Кыргызстандын курама командасы 9 алтын медаль жеңип, командалык эсепте биринчи орунду ээледи. Эл аралык мелдеш Өзбекстандын Алмалык шаарында болуп, ага Индия, Казакстан, Кыргызстан, Монголия, Пакистан, Тажикстан, Өзбекстандын күчтүү спортчулары катышты. Буга чейин Түркияда өткөн Көчмөндөр оюндарында, Россиянын Якутск шаарында орун алган дүйнө чемпионатында да кыргызстандык жоон билек балбандар алдыңкы сапта болушкан. Бүгүнкү күндө маст-рестлинг дүйнөдө абдан тездик менен өнүгүп, машыккандардын саны өсүүдө. Бизде аталган спорт боюнча федерация жети жыл мурда түптөлүп, кыска убакытта эл аралык аренада мыкты көрсөткүчкө жете алдык. Алсак, Кыргызстандын курама командасы Азияда эң алдыда болсо, дүйнөлүк рейтингде якутиялыктардан кийинки экинчи орундабыз. Бул якуттардын улуттук спорту болгондуктан таяк тартыштын философиясын, ыкмаларын, тактикаларын алардан артык эч ким өздөштүрө элек. Бирок биз акырындан аларга жакшы атаандаштык көрсөтүп, туура багытта баратабыз", — деди Атайбек уулу.
Ошондой эле ал акыркы жылдары таяк тартыш менен кыздар да машыгып, Азия, дүйнө чемпиондору чыгып жатканын кошумчалады.