Стамбулдун борборунда жарылуу болуп, алты киши көз жумду. Видео

Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Стамбулдун борборунда эл көп жүргөн көчөлөрдүн бири — Истиклалда жарылуу болду. Бул тууралуу Sputnik Түркия кабарлады.
Алдын ала берилген маалыматтарда, жергиликтүү саат 16.20дагы бул окуядан алты киши каза таап, кеминде 53 киши жаракат алганы кабарланды.
Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган аймактын губернаторунун маалыматына таянып террорчулуктун изи байкалып жатканын айтты.

“Губернатор берген маалыматтарга караганда, террор катары каралууда. Бул жерде аялдын катыштыгынын белгиси байкалганын айтышты", — деген Эрдоган.

Телерадиокомпаниялар боюнча жогорку кеңеш окуя болгон жерден түз алып берүүгө тыюу салды.
Истиклал Бейоглу районунда жайгашкан. Түркиянын туристтик көчөлөрүнүн бири, ал жерде негизинен жөө кишилер жүрөт.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Херсон: Украинанын коопсуздук кызматынын теракт даярдаган адамдары кармалды