Россия армиясынын кадырын түшүргөндөр жарандыгынан ажырашы мүмкүн

Россиянын башчысы Мамлекеттик думага биринчи окууда кабыл алынган жарандык жөнүндө мыйзам долбооруна түзөтүүсүн жиберген.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россия армиясынын кадырын түшүргөндөрдү алган жарандыгынан ажыратуу каралууда. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Президент Мамлекеттик думага биринчи окууда кабыл алынган жарандык жөнүндө мыйзам долбооруна түзөтүүсүн жиберген. Анда Россиянын Куралдуу күчтөрүн дискредитация кылгандар алган жарандыгынан ажыратылышы мүмкүндүгү айтылган.
Негизинен Кылмыш-жаза кодексине бир нече берене кошулган.
Апрель айында биринчи окууда кабыл алынган мыйзам долбоорунда террордук мүнөздөгү кылмыштар, мамлекетке каршы оор кылмыштар, баңги каражаттарын жана психотроптук заттарды жүгүртүү чөйрөсүндөгү кылмыштар, документтерди жасалмалоо үчүн жарандыктан ажыратуу каралган.
Мыйзам долбоорунда 20дан ашык категориядагы адамдарга Россиянын жарандыгын кабыл алууда талаптардын санын кыскартуу сунушталган. Ошондой эле бул жаатта мамлекет башчынын ыйгарым укуктарын кеңейтүү да каралган.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Россия кандай жагдайда токтоосуз жеңишке жетери айтылды