UFC 281: Порьенин атаандашы Чендлерди жеңген видеосу

Нью-Йоркто өткөн таймаш үчүнчү раундда Порьенин атаандашын муунтуп, жеңип алганы менен аяктады.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Америкалык мушкер Дастин Порье мекендеши Майкл Чендлерди UFC 281 турниринде жеңип алды.
Жеңил салмактагы беттеш Нью-Йоркто өттү. Биринчи раунд дээрлик Чендлердин артыкчылык кылышы менен өтүп, ал партерде сокку уруп жатты. Анткен менен аягында Майкл атаандашынан бир топ сокку жеп, аз жерден нокаутка кетип кала жаздап, аны раунддун аякташы сактап калды.
Экинчи раундда Чендлер Порьени партерде улам бурчка такап, сокку уруп, муунтуп кармап турду. Үчүнчү раундда Майкл тейкдаун кылып, бирок өзү "тузакка" түшүп калды. Порье учурдан пайдаланып, муунта басып жеңип алды.
33 жаштагы Дастин Порье мурда жеңил салмактагы чемпиондук титулдун ээси болгон. Бул кармашты кошкондо анын эсебинде 36 беттеш болсо, 29ун жеңип, жетөөндө жеңилген. Соңку кармашы бразилиялык Чарльз Оливейр менен болуп, анда утулган.
Ал эми Майкл Чендлер 23 ирет жеңип, сегиз ирет жеңилген.
UFC турниринде Хамзат Чимаев менен Абубакар Нурмагомедов мушташ чыгарды. Видео