Кыргызстандык эки спортчу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду. Сүрөт

Учурда өлкөнүн байге капчыгында эки алтындан тышкары бир күмүш жана эки коло медаль бар.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык эки спортчу самбо боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.
Дүйнө чемпионаты ушул тапта Бишкек шаарында өтүп жатат.
1 / 2

Бекболот Токтогонов спорттук самбо боюнча алтын медаль утту. Ал 98 килограммдан өйдө салмактагылар арасында күч сынашты. Финалда монголиялык балбанды 3:1 упай эсебинде уткан.

2 / 2

Ал эми Дайырбек Карыяев 79 килограмм салмактагылар ичинде күжүрмөн самбо боюнча биринчи орунду алды. Финалдык беттеште казакстандык спортчуну 4:0 эсебинде жеңген.

Мындан сырткары, Феликс Уланбеков күмүш, ал эми Жамалбек Асылбек уулу жана Саяк Бараканов коло байгенин ээлери болушту.
Кыргызстан бул спорттун түрү боюнча мындай деңгээлдеги чемпионатты алгачкы ирет өткөрүп жатат.
Акжол менен Жоламан дүйнөлүк рейтингде көтөрүлүп, премия алмай болду