БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Социалдык тармактын колдонуучулары Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Американын башчысы Жозеф Байденди Камбоджада кантип кабыл алганын салыштырып жиберишти.
Интернетте эки сүрөт тараган. Twitter колдонуучулары россиялык саясатчы учактан түшүп келе жатканда тепкичке кызыл килем төшөлгөнүн, ал эми АКШ лидерине эч нерсе салынбаганын байкашкан.
Көбү постко комментарий калтырышкан.
"Балким Байден жыгылып кетет деп коркушкандыр?" — деген колдонуучулардын бири.
"Килем Байден үчүн кооптуу, өзү эле мурун тепкичтен бир нерсе боло берчү эмес беле", — деген дагы башка колдонуучу.
"Менимче, муну президенттин коопсуздугу үчүн кылышты", — деген дагы бир соцтармак колдонуучусу.
"Ошондо кимиси обочого (изоляция) алынган?" — деп жазган төртүнчүсү.
"Лавровду тепкичтен кызыл килем менен обочолошкон экен. Илимий жактан тастыкталды", — деп тамашалаган дагы бири.
Ишемби күнү ТИМ башчысы Камбоджанын борборуна Чыгыш Азия саммитине катышуу үчүн барып, аны сый-урмат менен тосуп алышкан.