БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Дөңгөлөк алмаштыргандар кардарды кантип алдай турганын автоэксперт Максим Ракитин Sputnik радиосуна айтып берген.
“Мында дөңгөлөктүн сапаты начар экенин, балансталбай жатканын айтуу кеңири тараган. Айдоочунун баары эле баланстоочу станок кандай иштей турганын биле бербейт. Оңдоп жаткан киши дароо өзүндө турган дөңгөлөктөрдөн сатып алууну сунуштайт”, — деди Ракитин.
Кээде жакшынакай эле турган дисктерди алмаштыруу керектигин айтышат. Өзгөчө кызмат — дөңгөлөктү аба менен эмес азот менен толтуруп берүүгө даярлар да кездешет.
“Бул Nissan GT-R спорткарынан башталган окуя. Машинанын ээси автоунаа заводдон азот толтурулган дөңгөлөгү менен келгенин айтып мактанган эле. Ошондон тартып кеңири колдонулуп кетти. “Учуп калат”, “майды аз ичет” дейт, бирок чынында андай болбойт”, — деген эксперт.
Ал дөңгөлөк алмаштырам деген киши ишеничтүү жайларга гана барып, интернеттеги билдирүүлөргө, болбосо тааныштарынын айткандарына көңүл бурушу керектигин белгилеген.