50 автонун ордуна 1 автобус: Бишкектеги автотыгын, ыш боюнча көрсөтмө. Фото

Бул акцияны дүйнөнүн башка шаарларында өткөрүшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Urban Hub коомчулугунун өкүлдөрү Бишкек шаарында "50 автонун ордуна 1 автобус" деп аталган акция өткөрүп, Бишкектеги автотыгын, булганган абаны — ышты атайын мисал менен көрсөтүп беришти. Бул тууралуу Movegreen коомдук экологиялык уюмунан билдирди.
Иш-чара Кулатов менен Фатьянов көчөлөрүнүн кесилишинде өттү. Уюштуруучулар 50 автоунаа жолдун 600 чарчы метрин ээлегенин, ал эми велосипедчендер 70, самокатчандар 50 чарчы метрди ээлегендигин айтышты. Автобустун жүргүнчүлөрү жолдун 30 чарчы метрин ээлегендигин белгилешкен.
Бул акция дүйнөнүн башка шаарларында да өткөн.
Активисттер шаардагы коопсуз жана комплекстүү велоинфраструктураны өнүктүрүү зарыл деп эсептешерин айтышты. Андан сырткары, мүмкүнчүлүк жаралса, жеке автоунааларынан велосипедге, самокатка жана коомдук транспортко өтүүнү сунушташкан.
Шаардык бийликке коомдук транспорт үчүн атайын тилке бөлүп берүү боюнча да өтүнүч келтирилген.
Радио
Адис ис уруудан кантип сактануу керектигин айтып берди