БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунда 14-ноябрдан тарта карызы бар 5200 абоненттин электр энергиясын аралыктан туруп өчүрүү башталат. Бул тууралуу "Чүй электр тармактары" ишканасынан кабарлады.
"Акылдуу эсептегичтердин" ээси карыз болсо электр кубатысыз каларын айтты.
Мекеме тиешелүү төлөмдү эртерээк төгүп коюу зарылдыгын эскертти.
Абоненттерге ыңгайлуу болуш үчүн компаниянын сайтында "Абоненттин балансы" деп аталган бөлүмгө баш багып, өздүк эсепти текшерип алууга болот. Андан сырткары күнү-түнү иштеген 1209, (0772/0702/0556) 00-12-09 номерлери аркылуу билүүгө болот. Анын ичинен WhatsApp — (0556) 00-12-09 экенин кабарлады. Демек, бул жерге жазып, суроо бере аласыз.
Карыздарды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MSТС (Касса-24), MegaCom, "О!", "Оңой" ("О!", MegaPay, UMAI, "Элсом" электрондук капчыктар), "РСК Банк", "ДосКредоБанк", "Керемет Банк", "Бакай Банк", "Кыргызстан", "Халык Банк", КICВ, "Оптима Банк", ага кошумча "Кыргыз почтасынын" кассалары аркылуу төлөөгө болот.