Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыштын ЖМКлары Донбасста эмне болуп жатканы боюнча үн каткан жок. Видео

Батышта Украинадагы окуяны бир тараптуу кылып көрсөтүп жаткандыгын чет элдик репортер айтып берген.
Sputnik
Батыш ЖМКлары Донбасста болуп жаткан окуялар боюнча жазбайт. Бул тууралуу аталган аймакка барган грециялык репортер Афанасий Аргиракистин айткандыгын РИА Новости берди.
"Бул жакта эмне болуп жатканын кабарлоодо Батышта, андан сырткары Герцияда да маалыматтык блокада бар. Бул башынан, тагыраагы, 2014-жылы башталып, ал азыркыга чейин бар. Кандай окуялар болуп жатканын бул күндөрү да унчукпай келишет", — деди Аргиракис.
Анын айтымына караганда, Батышта украиналык аскерлердин Донецкини бомбалап жаткандыгы туурасында эч качан айтпайт.
"Бир нече күндөн бери бул жерде жүрүп ар түн сайын бомбаны угуп... көрүп жатам. Булар боюнча Грецияда да, Батышта да сөз кылбайт. Ал жакта Украинадагы окуяны бир тараптуу кылып көрсөтөт. Муну атайын жасап жатат деп ойлойм", — деген журналист.
Тема боюнча:
Украин аскерлери Запорожьенин бошотулган аймактарына чыга тургандарды аткылады