БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. АКШнын чалгын кызматы Бириккен Араб Эмирлиги Штаттардын тышкы саясатына киришүүгө аракет кылганын аныктады. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазганын РИА Новости кабарлады.
"Америкалык чалгын БАЭнин АКШнын саясий тутумун манипуляция кылуу боюнча аракетин аныктап, ал боюнча жашыруун кеңири отчёт түзүп чыкты", — деп айтылган маалыматта.
Бул туурасында отчётту окуган бир нече киши маалымдаган. Документте АКШнын саясий багытын эмираттардын пайдасына буруу боюнча мыйзамдуу да, мыйзамсыз да аракеттер айтылган. Чалгындын АКШнын системасынын шайлоо өнөктүгүндөгү мүчөлүк акыдан көз карандылыгын, лоббичилерге сезимтал мамиле жасаларын, чет өлкөлүк өкмөттөрдүн кийлигишүүсүнөн коргоодо маалыматты ачыктоо боюнча мыйзамдын алсыздыгын аныктаганы айтылат. Документтеги бир катар сүрөттөөлөр тыңчылыкка окшогон элес калтырган.
БАЭнин 2016-жылдан бери лоббичилерге, Перси булуңундагы мамлекеттердин пайдасына чечиле турган саясий документтерди түзгөн уюмдар менен эксперттерге жүз миллиондогон акча короткондугу айтылды.
Тагыраагы, БАЭнин диссидент жана саясатчылардын изине түшүп, штаттардагы компьютерлерди талкалап кирген Американын чалгын боюнча мурдагы үч кызматкерин жалдаганы да жазылган. Мурдараак алар сотто эмираттарга хакерлик татаал технологияларды бергенин мойнуна алып, айып катары 1,7 миллион доллар төлөгөнгө макул болгон.
Чалгын боюнча улуттук кеңеш документте жазылгандарды Американын жогорку жетекчилигине жеткиргени маалымдалды.