Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Америкалык тарыхчы Украинаны колдоп жаткан нацисттерге нааразы болду

Зюсс рублдин доллар, евро жана фунт стерлингге карата курсунун динамикасына да көңүл бурган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Антироссиялык санкциялар менен Киевге көрсөтүлгөн финансылык колдоо батыш саясатчыларынын өз элине жасаган мамилесин ашкереледи. Бул тууралуу жазылган америкалык тарыхчы Эрик Зюсстун макаласы Modern Diplomacy басылмасына жарыяланды.
"Украинаны колдогон нацисттер батыш элитасынын басымдуу бөлүгүн ээлейт. Улуу Британиядагы, Европа, керек болсо АКШнын өзүндөгү өнөр жай ишканалары лидерлердин мындай саясаты үчүн чоң жоготууга дуушар болот", — деп жазган тарыхчы.
Анын айтымында, Батыш Россияга киргизген санкцияларынын кесепетин өзү тартып жатат, негизи эле бул жаңылыш кадам болгон. ЕБ өлкөлөрү эң арзан энергоресурстан кол жууду, эми өкмөттөрдүн жаза баскан аракети элдин чөнтөгүнө оорчулук алып келет.
Зюсс рублдин доллар, евро жана фунт стерлингге карата курсунун динамикасына да көңүл бурган. Тарыхчы "экономикалык согушта" да Россия жеңишке жеткенин белгиледи.
"Батыш Улуу Британия, АКШ жана союздаштары киргизген санкциядан азыр муунуп турат", — деп жазган Зюсс.
Эскерте кетсек, Украинада атайын операция башталган соң батыш өлкөлөрү Москвага карата санкциялык кысымын күчөткөн. Бирок бул Европа менен АКШнын өзүндө отундун кымбатташын жана инфляциянын болуп көрбөгөндөй өсүшүн шарттады. Мындан биринчи кезекте өнөр жай тармагы катуу жабыркап, экономиканын башка багыттарына да терс таасир тийгизди.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада Россия кандай жагдайда токтоосуз жеңишке жетери айтылды