Жерди мыйзамсыз сатып... Сузактын мурдагы айыл башчысы менен орун басары кармалды

Алар жер алчуларга жасалма документ берип, акча алып жаткан жеринен колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы менен анын орун басары кармалганын УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Сузак айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы менен анын орун басары кармалды

2 / 2

Атайын кызмат Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысына бөгөт койгон

Билдирмеге караганда, атайын кызмат Сузак айыл өкмөтүнүн жасалма токтомдорун колдонуу менен жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз сатуу фактысына бөгөт койгон.

"Бул кылмышта схема түзүүгө жана аны ишке ашырууга Сузак айыл аймагынын мурдагы башчысы Р.Х.М. жана анын орун басарынын түздөн-түз тиешеси бар экендиги аныкталды. Алар жарандарга жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча жасалма токтомдорду чыгарып, жасалма документ берип, акча алып жаткан жеринен кармалышты", — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренесинин 1-бөлүгү ("Документтерди жасалмалоо") менен бирдиктүү реестрге катталып, кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Жердин документтерин мыйзамсыз жасаган. "Кадастрдын" кызматкери кармалды