Шольц: каршылыкка карабай Путин менен диалогду үзгөн жокмун

Канцлер Киевге курал-жаракка көзөмөл жөнүндөгү макулдашууну бергенин жана “кийинки 10, 20, 30 жылда” альянска кирүү тууралуу сөз болбой турганын айтканын белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольц РФ лидери Владимир Путин менен сүйлөшүүгө каршы чыккандардын жүйөсү диалогду үзгүлтүккө учуратпаганын маек куруп жатып билдирди. Бул тууралуу RDN басылмасына таянуу менен РИА Новости жазды.
“Россия президенти менен сүйлөшүүгө тоскоол болууга эч кимге жол берген жокмун. Көбүнесе телефон аркылуу болгон баарлашуубуз бир нече саатка созулчу”, — деген канцлер.
Ошол эле маалда Шольц украин кризисин дипломатиялык жол менен чечүү мүмкүн эмес деп эсептейт.
“Жаңжал эртерээк соңуна чыгып, тынчтыктын орношун баарыбыз каалап жатабыз. Бул Путин экөөбүздүн сүйлөшүүбүздүн башкы максаты бойдон калууда”, — деди ал.
Канцлердин айтымында, ал февраль айында Москвага барган, жолугушууда Путин “Украинада Россияга кооптуулук жараткан ракеталардын жок болушун” жана Украинанын НАТОго кошулуу мүмкүнчүлүгүнүн күн тартибинен алынышын талап кылган. Шольц Киевге курал-жаракка көзөмөл жөнүндөгү макулдашууну бергенин жана “кийинки он, жыйырма, отуз жылда” альянска кирүү тууралуу сөз болбой турганын айтканын белгиледи.
Эскерте кетсек, өткөн аптада Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган Германия канцлеринен РФ лидери менен тил табышуу ниетин байкаганын айткан. Немец өкмөтү муну четке каккан болчу.
Telegraph: ЕБ G20 саммитинде РФ делегациясын обочолонтууну көздөп жатат