БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алганын өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Жолугушууда ишмердүүлүктүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле жакынкы келечекте уюмдун мындан аркы өнүгүүсү боюнча талкуу болду.
“Мамлекет башчысы Өмүралиевди Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы болуп дайындалышы менен куттуктап, ага боордош элдердин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган жооптуу ишинде ийгиликтерди каалады”, — деп айтылат маалыматта.
Жапаров түрк тилдүү мамлекеттердин саясий-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Кубанычбек Өмүралиев жаңы кызматта алдыдагы иштин пландары жана эң биринчи милдеттери, атап айтканда, Самарканд шаарында өткөн саммитте кабыл алынган чечимдердин ишке ашырылышы жана ТМУга мүчө өлкөлөрдүн ортосунда өз ара мамилелерди чыңдоо боюнча чаралар тууралуу маалымат берди.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын Түркиядагы элчиси кызматын аркалап жаткан Кубанычбек Өмүралиев үч жылдык мөөнөт менен Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) башкы катчысы болуп дайындалган.