Алдыдагы аптада Оштун кээ бир жеринде кар жаайт

Көпчүлүк аймактарга жамгыр, кар жаай турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызгидромет келе жаткан жумада Ош облусунда аба ырайы кандай болорун айтты.
Агенттиктин божомолу боюнча, 14-ноябрда тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жамгыр жаабайт. 16-ноябрда күндүз айрым жерлерге жаан, кар жаашы ыктымал. 17-18-ноябрда күн ачык болсо, 19-ноябрда кайра жамгыр, тоо этектерине кар жаай турганы айтылды. Абанын температурасы 7…12 градус жылуу болору күтүлүп жатат.
ӨКМ: Бишкектин ар жерине абанын тазалыгын текшерген 50 датчик орнотулат