Радио

Сыдыков: жеке нотариустарга лицензия берүү толук санарипке өтөт

Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жеке нотариустардын жана адвокаттардын лицензия алуу тартиби өзгөрүп жатканын айтты.
Sputnik
Жеке нотариустардын лицензия алуу тартиби мурда үч этаптан турчу. Азыр бир эле этап — тестирлөөнү калтырдык. Бул тууралуу Орозбек Сыдыков Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай санариптештирүү аракеттери адамдык факторду жокко чыгарып, коррупцияга жол бербөө максатында киргизилүүдө.
"Мурда жеке нотариустар лицензия алуу үчүн тестирлөөдөн өтүп, 60 суроонун 30уна жооп берген соң практикалык тапшырманы аткарып, анан аңгемелешүүгө кирчү. Мына ушул соңку эки этапта адамдар аралашкан үчүн коррупцияга жол берилген учурлар катталып келген. Азыр эми компьютердик тестирлөөнү гана калтыруудабыз. Анда компьютер жалпы 3000 суроонун ичинен автоматтык түрдө 100 суроону сунуштайт. Алар жообунун варианттары менен болот. Ар бир суроого жооп берүүгө бир мүнөт берилет. 65ине жооп берген нотариат тестирлөөдөн өттү болуп эсептелет. Өзүңүздөр байкагандай бул жерде адам колу аралашпайт. Демек, эч ким тааныш-билишин ортого салып, жең ичинен иш кыла албай калат. Суроолордун жообу менен болгонунун себеби буга чейин биз жөн гана соболдун өзүн тестке киргизсек аны көчүрүп, жооптору менен китеп даярдап, сатыкка чыгып кеткен да учурлар болгон. Учурда бул багытта лицензия алууга мораторий киргизилген. Ал 2023-жылдын мартында бүтөт. Андан кийин ушул жаңы тартип ишке кирет", — деди Сыдыков.
Ал ошондой эле такшалуу (стажировка — ред.) мөөнөтү мурдагыдай эле алты ай боюнча каларын, бирок көзөмөл күчөтүлөрүн кошумчалады.