Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция жүрдү. Курсу

31-октябрда “сом — рубль” валюта жубу менен соода жүргүзүлө баштаган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Москва биржасында кыргыз сомун сатып алуу боюнча үч операция катталды.
Эскерте кетсек, “сом — рубль” валюта жубу менен соода 31-октябрдан тарта жүргүзүлө баштаган.
Алгач суроо-талап болгон эмес, андан соң кийинки күнгө белгиленген эсеп менен операциялар башталды.
3-ноябрь — сооданын көлөмү 75 миң рублди түздү (100 сом 75 рублге бааланган);
10-ноябрь — 75,5 миң рубль (100 сом 75,5 рублден бааланды);
11-ноябрь — 675 миң рубль (100 сом 73 рублден бааланды).
Жалпысынан 807,5 миң рублдик соода болду. Сумма сом менен көрсөтүлгөн эмес, бирок эсептей келгенде 1,1 миллион сом болгону аныкталды.
Путин КМШ өлкөлөрү улуттук валюталарга өтсө кандай өзгөрүүлөр болорун айтты