Айжан Чаначева "Жер сулуусу" сынагына катышуу үчүн Манилага жөнөп кетти. Сүрөт

Модель 2019-жылы Кыргызстан сулуусу аталган.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык модель Айжан Чаначева "Жер сулуусу" эл аралык сулуулар сынагына катышуу үчүн Манилага жөнөп кетти. Бул тууралуу улуттук сулуулар сынагы дирекциясынан кабарлады.
Маалыматка караганда, таажы жана баш байге үчүн 89 мамлекеттин сулуусу күч сынашат. Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен Айжан Чаначева жалгыз катышмакчы.
1 / 2

Кыргызстандык модель Айжан Чаначева "Жер сулуусу" эл аралык сулуулар сынагына катышуу үчүн Манилага жөнөп кетти.

2 / 2

Маалыматка караганда, таажы жана баш байге үчүн 89 мамлекеттин сулуусу күч сынашат.

Сынактын биринчи этабы 24-октябрдан 9-ноябрга чейин онлайн форматта өткөн. Социалдык долбоор катары кыргызстандык сулуу ак илбирсти сактоо жана жайылтуу темасын алып чыкмакчы. Мындан тышкары, ал Кыргызстан жана өлкө жаратылышы тууралуу видеоролик даярдаган.
Эске салсак, 2019-жылы Айжан Чаначева Кыргызстан сулуусу аталган. "Жер сулуусу" эл аралык сулуулар сынагы 11-ноябрдан 30-ноябрга чейин Филиппинде өтөт. Бул аралыкта катышуучулар негизги этаптардан өтүп, БУУнун өкүлдөрү менен жолугуп, глобалдык экологиялык маселелерди талкуулашмакчы. Сынактын финалы 29-ноябрда Манилада болот.
"Кыргызстан сулуусу" Айжан: атама сулуу экенимди да көрсөткүм келди