Быйыл Кыргызстанда кайсы өсүмдүктөр мол түшүм берди? Тизме

Октябрдын соңуна карата дан эгиндери (күрүч жана гречканы кошпогондо) 573 миң гектар аянттан жыйналып бүттү.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Быйыл көпчүлүк айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү былтыркы жылга салыштырмалуу бир нече эселеп көп болду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.
Октябрдын соңуна карата дан эгиндери (күрүч жана гречканы кошпогондо) 573 миң гектар аянттан жыйналып бүттү. Чабылган жерден 1,9 миллион тонна бастырылды, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4 эсе көп.
Кайсы өсүмдүк канчага көп алынды:
арпа — 2 эсеге;
буудай — 1,6 эсеге;
кант кызылчасы — 1,8 эсеге;
пахта — 13 пайызга;
тамеки — 10 пайызга;
май өсүмдүктөрү — 9 пайызга;
жүгөрү — 5 пайызга;
мөмө-жемиш — 9 пайызга;
жашылча — 4 пайызга.
Радио
Жаныбеков: айдоо аянтын 1 млн. 700 миң гектарга чыгарууга мүмкүндүк бар