Казакстанда президенттикке талапкерлердин дебаты өттү. Ага Токаев катышкан жок

Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрга белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. 11-ноябрда "Хабар" телеканалында Казакстандын президенттигине талапкерлердин дебаты болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.
Дебатка Нурлан Ауесбаев, Жигули Дайрабаев, Каракат Абден, Мейрам Кажыкен, Салтанат Турсынбекова жана Касым-Жомарт Токаевдин атынан Ерлан Кошанов катышкан. Алар түз эфирде шайлоо алдындагы программалары менен тааныштырды.
Кошанов азыркы президенттин программасы тууралуу айтып жатып, өлкөнүн саясий системасы түп тамырынан карала турганын айтып, адилеттүүлүк камсыздала турганын белгилеген. Ошондой эле ал социалдык маселелер, жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу жана калктын аялуу катмарын колдоо системалык түрдө чечиле турганын кошумчалаган.
Жигули Дайрабаев мамлекеттик тилди колдоо, айыл тургундарынын имиджин көтөрүү темасына токтолсо, Мейрам Кажыкен жаштарды акысыз окутуу жана акимдердин укугун кеңейтүүгө басым жасала турганын белгилеген.
Салтанат Турсынбекованын программасында аз айлык жана тиричилик минимумунун көлөмүн карап чыгуу, муктаждардын карыздарын кечүү тууралуу жазылган. Ал эми Нурлан Ауесбаев өлкөгө уурдалган акчаларды кайтаруу керектигин айтып, коррупцияга аралашкандар узак мөөнөткө соттолушу керектигин кошумчалаган.
Каракат Абден балдарды жана энелерди колдоо маселелерине токтолгон. Дебаттан соң талапкерлер шайлоочулардын суроолоруна жооп беришти.
Белгилей кетсек, Казакстанда президенттик шайлоо 20-ноябрда өтөт.
Токаев Казакстандын президентинин ыйгарым укуктарын кыскарткан мыйзамга кол койду