Караколдо соода борборунда аялын бычактаган киши ооруканага түштү

Жубайлар жолуккан соң уруша кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Каракол шаарында эркек киши аялын бычактап, өзү ооруканага түштү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, окуя 9-ноябрь күнү болгон. Саат 17:08де милицияга шаардагы "Кумтөр" соода борборунда эркек киши аялга бычак урганы боюнча билдирүү түшкөн. Бул маалымат электрондук журналга катталып, жерине тартип сакчылар барган.

"Ыкчам-тергөө иштеринин жыйынтыгында шектүүнүн өздүгү такталган. Маалым болгондой, Ак-Суу районунун 35 жаштагы тургуну соода борбордон 30 жаштагы мурдагы аялына жолугуп калган. Жубайлар сүйлөшүп жатып уруша кетип, жыйынтыгында эркек киши аялын бычактап, андан соң өз өмүрүнө кол салган. Келин алган жараатынан окуя болгон жерден көз жумса, күйөөсү облустук ооруканага жеткирилген", — деп айтылат маалыматта.

Бул иш боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.
Ысык-Атада мас болуп аялын сабап өлтүрдү деген киши камакка алынды. Сүрөт