Telegraph: ЕБ G20 саммитинде РФ делегациясын обочолонтууну көздөп жатат

Макалада европалыктар россиялык кесиптештерине сүйлөшүүлөрдүн баары Киевге ыңгайлуу шартта жүргүзүлүшү керектигин түшүндүрмөкчү экени жазылат.
Sputnik
БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Евробиримдик менен Улуу Британия алдыда боло турган G20 саммитинде россиялык делегацияны изоляциялап, кайрылуусуна байкот жарыялоого умтулат. Бул тууралуу өз маалымат булактарына таянуу менен Telegraph жазды.
Европанын тышкы саясат кызматынын өкүлү батыш мамлекеттери мындай кадамы менен "Москванын Украинадагы аракетине эл аралык коомчулук кандай ойдо" экенин көрсөтүүнү каалап жатканын белгилеген.
"Мында россиялык делегация башчыларынын жолугушууларын үзгүлтүккө учуратуу же РФ өкүлүнүн кайрылуу учурунда залдан чыгып кетүү каралууда", — деген чиновник.
Макалада европалыктар россиялык кесиптештерине сүйлөшүүлөрдүн баары Киевге ыңгайлуу шартта жүргүзүлүшү керектигин түшүндүрмөкчү экени жазылат. Маектеш Италия, Германия жана Франциядан айырмаланып Кытай бул аракетке кошулбай турганын айткан. "Пекин менен Москванын байланышы бекем", — деп жазган гезит.
15-16-ноябрь күндөрү Балиде өтө турган G20 саммитине Россия президенти Владимир Путин катышпай турганы айтылган. Жолугушууга Украина башчысы Владимир Зеленский да барбайт, бирок украин кризисинин глобалдуу азык-түлүк коопсуздугуна тийгизген таасирине арналып өткөрүлө турчу иш-чарада онлайн форматта сүйлөйт.
Россияга каршы кансыз согуш максатына жеткен жок. Bloomberg мисалы