Радио

Абдрахматова: өлкөдө жакыр жашаган катмардын укугу көп бузулат

Кыргыз Республикасынын акыйкатчысы Атыр Абдрахматова өлкөдө кайсы бир адамдардын укугу башкаларга салыштырмалуу көп бузулат деген так маалыматтар жоктугун айтты.
Sputnik
Расмий маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү үй-бүлө жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, мына ушул катмардын укугу көп бузуларын байкасак болот. Бул тууралуу Атыр Абдрахматова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жумушсуздук жана жакырчылык болгон жерде адам укугунун бузулушу табигый көрүнүш.
"Өлкөдө бул курактагылардын же тигил аймакта жашагандардын, болбосо кайсы бир кесип ээлеринин укугу башкалардан көбүрөөк бузулат деп белгиленген маалыматтар жок. Бирок, тилекке каршы, жакырчылыкта жашаган адамдардын укугу көп тебеленерин көрүп эле жүрөбүз. Бизде дагы ушундай эле абал. Расмий маалыматтарга таянсак, ар бир төртүнчү үй-бүлө жакыр жашоону башынан кечирип келет. Алар балдарын бала бакчага, мектепке жайгаштырууда, мамлекет кепилдеген жардамдарды алууда, керек болсо коомдук транспортко түшкөндөн тарта эле укуктары бузулат. Аймактарда, мисалы, жаш эле келиндер өз курагынан бир топ улуу көрүнүшөт. Анткени катаал шартта жашап келет. Кир жуучу машина бул жакта турсун, таза сууга жетпей күн өткөргөн айылдарыбыз бар. Айтор, өлкөдөгү адам укугунун сакталышы социалдык маселелер менен түздөн-түз байланышта. Мунун көпчүлүгүн жумуш орундарын ачуу менен эле чечсе болот", — деди Абдрахматова.
Омбудсмен билимсиздик дагы коррупцияга, ошону менен катар эле адам укугунун тебеленишине жол ачкан факторлордун бири экенин кошумчалады.