Путиндин Индонезияда өтчү G20 саммитине катышпай турган себеби айтылды

G20 саммити 15-16-ноябрда Индонезиянын Бали аралында өтөт.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Россия президенти Владимир Путин Балиде өтө турган G20 саммитине катышпай турган себебин маалымат катчысы Дмитрий Песков түшүндүрдү.
Журналисттер андан президент Владимир Путин G20 саммитине эмне себептен барбайт деп сурашкан.
"Өлкө башчы иш графигине байланыштуу ушундай чечим кабыл алды. Ал күндөрү президент Россиянын аймагында болушу зарыл", — деп жооп берген.
G20 саммити 15-16-ноябрда Балиде өтөт. Буга чейин Тышкы иштер министрлиги саммитке Россиядан барган делегациянын башында министр Сергей Лавров боло тургандыгын маалымдаган.
Путин Индонезияда өтчү G20 саммитине катышпай турганы белгилүү болду