УКМК террордук топтун активдүү мүчөсүн кармады. Видео

Кармалган адам эл аралык террордук уюмдардын согушкерлерине паспорт жагынан жардам берген.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. УКМК Кыргызстанда террордук топтун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди.
Атайын кызмат билдиргендей, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тыюу салынган эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана "Жихад" тобунун мүчөлөрүнө акча которуу фактысы жана 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган. Ошондой эле террордук уюмдардын согушкерлерине жасалма паспорт даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспорттору (уурдалган, жоголгон же күрөөгө калтырылган) Түркиянын аймагына өткөрүп берилгени боюнча маалымат алынган.
1 / 3

УКМК Кыргызстанда террордук топтун активдүү мүчөсү кармалганын билдирди

2 / 3

Атайын кызмат билдиргендей, террорчулукка жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында тыюу салынган эл аралык "Ислам мамлекети" террордук уюмунун жана "Жихад" тобунун мүчөлөрүнө акча которуу фактысы жана 2016-жылдын август айында Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин аймагында болгон террордук актынын уюштуруучулары аныкталган

3 / 3

Ошондой эле террордук уюмдардын согушкерлерине жасалма паспорт даярдоо үчүн Кыргызстандын жарандарынын жалпы паспорттору (уурдалган, жоголгон же күрөөгө калтырылган) Түркиянын аймагына өткөрүп берилгени боюнча маалымат алынган

"Аталган иштерге тиешеси бар делип 10-ноябрь күнү террордук топтун активдүү мүчөсү Б.Э.А. аттуу Кыргызстандын жараны кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди", — деп жазылат маалыматта.
Учурда жогорудагы террордук ишмердүүлүккө тиешеси бар башка адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, тергөө уланууда.
Сирияда террордук топтун башчысы жок кылынды, ал Кыргызстанда төрөлгөн