Руслан Казакбаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп дайындалды

Казакбаев эки жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеп, Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болуп мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дайындалганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Казакбаев эки жолу Тышкы иштер министрлигин жетектеген, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ага чейин Кыргызстандын Стамбулдагы консулдугунда узак убакыт иштеген.
Түркиядагы мурдагы элчи Кубанычбек Өмүралиев бүгүн Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы болуп дайындалды.
Айдит Эркин Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалды