Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украинада Россия кандай жагдайда токтоосуз жеңишке жетери айтылды

Макалада АКШнын айрым республикачы конгрессмендери Украинага жардам көрсөтүүнү токтотууга чакырганы айтылат.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. АКШ Киевге финансылык жардамын токтотсо Россия дароо жеңишке жетет. Бул тууралуу Washington Post басылмасынын баяндамачысы Жош Рогинге Украинанын экономика министринин орун басары Тарас Качка айтып берген.
"Акчалай колдоо болбосо экономикабыз урап түшөт. Бул Россиянын токтоосуз жеңишин камсыздайт", — деген аткаминер.
Макаланын автору Качканын пикирине кошулуп, АКШ, Европа жана Эл аралык валюта фондунун дайыма берген жардамы болбосо украин Куралдуу күчтөрү согушууга жөндөмсүз болуп каларын белгилеген.
Материалда АКШнын айрым республикачы конгрессмендери Украинага жардам көрсөтүүнү токтотууга чакырганы айтылат.
"Айрым мыйзам чыгаруучулар менен конгресстин жогорку кызматтагы адамдарынын айтымында, Республикалык партиянын Кевин Маккартни сыяктуу лидерлери өкүлдөр палатасы менен сенатка көпчүлүк орунга ээ болгон соң Киевге берилип жаткан жардамга оңдоп-түзөөлөрдү киргизүүнү талкуулап жатышат. Кээси жардамды таптакыр токтотуу керектигин айтууда", — деп жазган журналист.
АКШ конгрессине шайлоо алдындагы шайлоо 8-ноябрда болуп өттү. NBC телеканалынын божомолу боюнча өкүлдөр палатасында республикачылар 220 орунга, ал эми демократтар 215 орунга ээ болот. Ушу тапта добуштар саналууда.
Бул сапар өкүлдөр палатасы менен сенатка Жо Байдендин Украинага көрсөткөн бир нече миллиарддаган жардамын сынга алган талапкерлер өттү. Алардын арасында Киевге 40 миллиард доллар бөлүү чечимин блоктоп салган Рэнд Пол менен колдоону азайтууга чакырып келген Жей Ди бар.
Мындан тышкары, АКШ президенти Жо Байденге импичмент жарыялоо боюнча резолюциянын автору Маржори Тейлор Грин да кайра шайланды. Добуш берүүнүн алдында ал "республикачылар келсе Украинага бир да тыйын берилбейт" деп убада кылган.
Атайын операциянын жүрүшүндө батыш мамлекеттери Киевди курал-жарак менен камсыздоосун улантып келет. Москва мындай кадам чыр-чатакты создуктура турганын, курал-жарак ташыган транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын бир нече ирет айткан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
NI: АКШ антироссиялык саясатынан улам өнөктөштөрүнөн кол жууп барат