Океандын алдындагы жашоонун сыры. Мыкты фотографтардын өзгөчө 15 сүрөтү

2022-жылдагы Ocean Photographer of the Year эл аралык сүрөт сынагынын жыйынтыгы чыгып, жеңүүчүлөрдүн аты аталды. Океандагы жашоону сүрөтчүлөрдүн көзү менен көрөм десеңиз Sputnik Кыргызстан агенттигинин түрмөгүн сунуштайбыз.
Sputnik
Сынак суу алдындагы жашоонун сырын ачып, көрсөтүү максатында ар жылы уюштурулуп келет. Фотографтардын эмгектеринин арты менен суудагы жаныбарлардын жашоосун көрө аласыздар. Алар ар түрдүү, башкача, сүйкүмдүү. Белгилей кетсек, фотосынакка дүйнөнүн ар кыл бурчунан сүрөтчүлөр катышып келет.
1 / 15

Бул франциялык фотограф Бен Туардын эмгеги. Дал ушул сүрөтү менен ал Ocean Photographer of the Year 2022 сынагынын жеңүүчүсү болду. Сүрөттө Таити аралында толкун менен алышып жаткан адам тартылган

2 / 15

Ушундай кооз осьминог көрдүңүз беле? Бул экинчи орунду алган сингапурлук фотограф Кэтрин Лунун эмгеги

3 / 15

Деңиз арстанынын сүйкүмдүү баласы. Аны сүрөткө австралиялык фотограф Брук Пайк тартып алган

4 / 15

Фотограф Тина Нгуенанын бул эмгегин калыстар жогору баалашкан. Ал Вьетнамдагы токойлорду сактоого арналган

5 / 15

Кара дельфиндердин үйүрү. Сүрөттү испаниялык фотограф Рафаэль Фернандес тарткан

6 / 15

Таңдагы толкун. Майкл Спенсер "Мыкты көркөм сүрөт" категориясында жеңген

7 / 15

АКШ фотографы Брук Питерсон бул эмгеги үчүн үчүнчү орунду багындырды

8 / 15

Таштандынын арасында калган деңиз таш бакасы. Саймон Лоренцтин бул сүрөтү "Океанды сактайлы" категориясында жеңген

9 / 15

Суу алдындагы үңкүр жана андагы дайвер. Сүрөттү Том Сент-Жорж тарткан

10 / 15

Кашалот жана дайвер кыз. Сүрөттү британиялык Стив Вудс тартып, бул эмгеги үчүн сый акы алган

11 / 15

Колючин аралындагы каралбай калган метеостанцияны байырлаган аюулар. Сүрөт россиялык фотограф Дмитрий Кохго таандык

12 / 15

Фиш-Рок аралындагы акулалардын үйүрү. Австралиялык Николь Реминин сүрөтү да мыктылардын катарына кирди

13 / 15

Матти Смиттин жагымдуу бул сүрөтү үчүн "Портфолио" категориясында биринчи орунду алган

14 / 15

Океандын алдындагы жашоо. Андреас Шмиддин бул эмгеги да мыкты табылды

15 / 15

Таш баканын баласы. Сүрөттү япониялык Рета Огава тартып, "Океандын жаш фотографы" категориясында жеңген