"Манас" китептер сериясы эл аралык сынакта баш байгени алды

Сынакка 88 басылма катышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. "Манас" улуттук академиясы басып чыгарган "Манас" китептер сериясы Өзбекстанда өткөн TASHKENT BOOK FEST – 2022 сынагында баш байгени алды. Бул тууралуу академиядан кабарлады.
1 / 2

"Манас" улуттук академиясы басып чыгарган "Манас" китептер сериясы Өзбекстанда өткөн TASHKENT BOOK FEST – 2022 сынагында баш байгени алды

2 / 2

Билдирмеге караганда, 10-ноябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов "Манас" улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиевди, Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду жана аталган палатанын директорунун орун басары Качыбек Кушубековду кабыл алып, аларды эл аралык иш-чарада баш байгени жеңип алышы менен куттуктаган

Билдирмеге караганда, 10-ноябрда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов "Манас" улуттук академиясынын президенти Талантаалы Бакчиевди, Китеп палатасынын директору Койчуман Момункуловду жана аталган палатанын директорунун орун басары Качыбек Кушубековду кабыл алып, аларды эл аралык иш-чарада баш байгени жеңип алышы менен куттуктаган.
Эл аралык сынак 5-ноябрда Өзбекстанда өтүп, иш-чарага 88 басылма катышкан. Алардын ичинен "Манас" китептер сериясы баш байгени багынткан.
"Манас" академиясы Евразия элдеринин айтуучулары тууралуу китебин тартуулайт