Кыргызстандык жаш режиссёрдун "Перзенти" Пекиндеги фестивалга катышат

Фильмдин режиссёру ата-энесин издеген досторунун окуясынан соң ушул темада кинокартина жаратууну чечкен.
Sputnik
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык режиссёр Караш Жанышовдун "Перзент" аттуу кыска метраждуу фильми 18-28-ноябрда Пекинде өтө турган эл аралык кинофестивалда көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематография өнүктүрүү фондунан билдирди.
Эмгек фестивалдын NOVA аталышындагы сынагына катышат.
Фильм балдар үйүндө тарбияланган Мараттын ата-энесин издегени, сойкулук менен алектенген апасын таап, андан соң оор абалда калган жашоосун чагылдырат.
"Мен балдар үйүндө жүргөндө ата-энесинен кабары жок досторум көп болчу. Аларды кичинекей кезинде эле таштап кеткен. Мектептен кийин ар бир бала ата-энесин табууга аракет кылган окуяларга күбө болгом. Андыктан ушул темада кино тартууну чечтим", — деген режиссёр Караш Жанышов.
Калипа Таштанова эл аралык кинофестивалда "Аялдын мыкты ролу" сыйлыгын алды